# 295-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 295-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-295

---

1. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен этиятсыздыктан олуттуу залал келтирилсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор залал алып келген ушундай эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, адамдардын массалык дартка чалдыгуусуна жана уулануусуна коркунучун келтирүү менен коштолсо, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-294)  
Кийинки берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-296)
