# 294-берене. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23437..23463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 294-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-294

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, дарылоо-косметикалык буюмдарды, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктарын же тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же конфискациялоо менен же анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

конфискациялоо менен же анысы жок беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыштын түздөн-түз предмети болуп саналган дары каражаттары жана медициналык буюмдар, дарылоо-косметикалык буюмдар, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктары же тамак-аш кошулмалары мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган субъекттердин эсебинен конфискацияланууга жана жок кылынууга тийиш. (КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-295)
