# 2921-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 2921-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2921

---

1. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттардын же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатуу максатын көздөбөстөн ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо алты айдан бир жылга чейин эркиндигин чектөө менен, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Күчтүү таасир этүүчү заттар деп баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-292)  
Кийинки берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-293)
