# 292-берене. Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=27591..28701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 292-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-292

---

1. Баңгизат каражаттары, алардын аналогдору жана прекурсорлору же психотроптук заттар болуп саналбаган, күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошого тете аларды мыйзамсыз сатып өткөрүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-291)  
Кийинки берене: [2921-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2921)
