# 290-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 290-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-290

---

1. Баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, ошого тете ошол эле максаттарда жайды берүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган ошол эле жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-289)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-291)
