# 29-берене. Күнөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 29-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-29

---

1. Адамдын өзү жасаган ушул Кодексте каралган жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана андан келип чыккан укукка жат кесепеттерге карата мамилеси күнөө болуп саналат. Кара ниеттик жана этиятсыздык күнөөнүн формалары болуп саналат.

2. Инсанга, коомго, мамлекетке жана адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле зыян келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер болуп саналат.

3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан залал келтирүү түздөн-түз көрсөтүлбөсө, анда атайылап залал келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-30)
