# 286-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 286-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-286

---

1. Уурдоо же опузалап алуу жолу менен жасалган баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз алып коюу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кызматтык абалына байланыштуу баңгизат каражаттары же психотроптук заттар ишенип берилген же кайтарууга берилген адамдар тарабынан жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар ири өлчөмдө жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-285)  
Кийинки берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-287)
