# 285-берене. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=27591..28701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 285-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-285

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди; күчтүү таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралдарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдардын башка түрлөрүн; массалык жок кылуучу куралдарды жаратууда колдонулушу мүмкүн болгон жана аларга Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү чийки зат товарларын жана маданий дөөлөттөрдү, эгерде бул жосун бажы контролунан тышкары же жашыруу менен, документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалса, же болбосо декларация кылбоо же туура эмес декларациялоо менен коштолсо, -

мүлкүн конфискациялоо, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан;

2) бажы контролун жүзөгө ашыруучу адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [284-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-284)  
Кийинки берене: [286-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-286)
