# 282-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 14.03.2025 [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 282-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-282

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдө;

4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун балага сатуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңгизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеси, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Ушул беренеде, ошондой эле 283, 284 жана 288-беренелерде каралган кылмышты жасаган, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өз ыктыяры менен тапшырган жана баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштардын ачылышына же бөгөт коюлушуна, аларды жасаган адамдардын кылмыш иштеринин ачылышына же кылмыш жолу менен олжолонгон мүлктүн табылышына активдүү көмөк көрсөткөн адам ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-281)  
Кийинки берене: [283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-283)
