# 280-берене. Бейбаштык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 03.11.2025 [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 251 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033543)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 280-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-280

---

1. Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен;

4) бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

5) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда жасалса;

6) адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде –

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-279)  
Кийинки берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-281)
