# 28-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 января 2024 года № 27 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000980)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=2085..2087>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 28-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-28

---

1. Кылмыш жасаганга чейин жашы он алтыга толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон бала адамды өлтүрүү (122-берене), ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене), ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (131-берене), зордуктоо (154-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене), адамды уурдоо (165-берене), адамдарды соодалоо (166-берене), уурдоо (205-берене), мал урдоо (2051-берененин 2,3 жана 4-бөлүктөрү), тоноо (206-берене), каракчылык (207-берене), опузалап талап кылуу (208-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (211-берене), башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу (216-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), террордук актысы (252-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), барымтага алуу (257-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу (271-берене), бейбаштык (280-берененин 2-бөлүгү), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо (282-берене), баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу (286-берене), транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү (314-берене) үчүн ушул Кодекске ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

(КР 2024-жылдын 25-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-29)
