# 279-берене. Жолдорду мыйзамсыз тосуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 279-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-279

---

1. Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, темир жол же башка транспорт каражатынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу залал келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жолдорду, катташуу жолдорун мыйзамсыз тосууга катышуу, -

жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-280)
