# 276-берене. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 276-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-276

---

1. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пайдалануу, берүү, сатып өткөрүү же бузуу, этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500ден 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-275)  
Кийинки берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-277)
