# 273-берене. Сапаты начар курулуш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 273-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-273

---

1. Сапаты начар курулган, бүтүрүлбөгөн же келишимдин шарттарына жана долбоордук документтерге туура келбеген имаратты же болбосо курулманы, электр станциясын, турак үйдү, жолду, көпүрөнү же курулуштун башка объектин подрядчы тарабынан пайдаланууга берүү жана (же) кабыл алуу курулуш уюмунун жетекчиси же курулуштун сапатын контролдоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан жасалса, ошого тете аларды ишти жүргүзүүчү тарабынан сапатсыз оңдоо, этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан улам оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-272)  
Кийинки берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-274)
