# 272-берене. Тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 272-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-272

---

1. Тоо-кен, курулуш же жарылуу кооптуулугу бар жумуштарды жүргүзүүдө этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-273)
