# 270-берене. Куралды сактоо боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 270-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-270

---

1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды кайтаруу тапшырылган адамдын жеңил ойлуулугунан же этиятсыздыктан өзүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарышы, эгерде аларды уурдоого же жок кылууга алып келсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Оор залал келтирген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-271)
