# 268-берене. Куралды мыйзамсыз жасоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 268-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-268

---

1. Трамвалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралды мыйзамсыз жасоо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды кошпогондо) мыйзамсыз оңдоо же жасоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз жасоо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ок атуучу куралдын конструкциясын удаа атууну жүзөгө ашыргандай мүмкүнчүлүгүнө алып келген, же болбосо сайсыз же газдык куралды сайлуу куралдын патрондору менен атылгандай кылып мыйзамсыз өзгөртүү, ошого тете стандарттагы талаптарга жооп бербегендей кылып куралдын жалпы узундугун кыскартуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүчө жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-267)  
Кийинки берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-269)
