# 267-берене. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 267-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-267

---

1. Дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу, газдуу, сайсыз куралды, ошого тете травмалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган куралды мыйзамсыз сатып алуу, сатып өткөрүү же алып жүрүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Автоматтык куралдын же эки же андан ашык адамды бир эле убакта жок кылууга арналган куралдын эки же андан ашык бирдигине карата ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Төмөнкү адамдар тобу тарабынан жасалган ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алып коюу ушул беренеде жана ушул Кодекстин 268-беренесинде көрсөтүлгөн каражаттарды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-266)  
Кийинки берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-268)
