# 263-берене. Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 263-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-263

---

1. Уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо, башкача айтканда акча каражаттарын, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү берүү же чогултуу, мүлккө укукту же мүлктүк мүнөздөгү пайданы берүү, ошондой эле тартуулоо, алмашуу, кайрымдуулук, кайрымдуулук жардамы, жеке адамга же болбосо адамдардын тобуна, же болбосо юридикалык жакка маалыматтык жана башка түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун муктаждыктары үчүн каражаттарды, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү сактоо же бөлүштүрүү, же болбосо өткөрүп берүү, ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун жетекчиси же катышуучусу тарабынан жасалган аларды каржылоо каналдарын иштеп чыгуусу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан же коммерциялык же башка уюмда, коомдук бирикмеде башкаруу функцияларын аткарган адам тарабынан жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту зомбулук коркунучу астында каржылаган жана (же) өз ыктыяры менен бул жөнүндө билдирген адам, эгерде анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-264)
