# 262-берене. Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 262-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-262

---

1. Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу коомдоштукту түзүү, ага тете мындай коомдоштукту же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ага тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюштуруучулардын, уюшкан топтордун жетекчилерин же башка өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, ошондой эле кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кылмыштуу коомдоштукка катышуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыштуу коомдоштукка катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мындай коомдоштукту түзүүдө, аны жетектөөдө же болбосо ага кирген түзүмдөрдү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүүдө башка жактардын бетин ачкан маалыматтарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына кабарлаган адам кылмыштуу коомдоштукка катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-261)  
Кийинки берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-263)
