# 261-берене. Уюшкан топту түзүү же ага катышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 261-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-261

---

1. Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Уюшкан топко катышуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Криминалдык иерархиядагы же болбосо уюшкан топтогу ээлеген абалын (статусун) таануу, ырастоо же моюнга алуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда башка адамдардын бетин ачкан маалыматтарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-262)
