# 257-берене. Барымтага алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 257-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-257

---

1. Барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (жактардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармап туруу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

4) куралды же курал катары колдонулуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

5) эки же андан көп адамга карата;

6) балага карата;

7) кош бойлуу аялга карата;

8) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-256)  
Кийинки берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-258)
