# 254-берене. Террордук ишке көмөктөшүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 254-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-254

---

1. Ушул Кодекстин 255, 256, 258, 261, 265 жана 327-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды көндүрүү, тартуу же башка жол менен жолдоо, ошондой эле ушул кылмыштарды жасоодо башка жардам көрсөтүү же адамды террордук уюмдун ишине катышууга көндүрүү, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул Кодекстин 252, 253, 257, 262, 264, 326, 327, 329, 408 жана 416-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды азгыруу, жолдоо же башкача тартуу, же көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, аны окутуу же даярдоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде адам өз убагында бийлик органдарына эскертүү менен же башка ыкма менен ушул беренеде көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбоого, же болбосо ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-253)  
Кийинки берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-255)
