# 253-берене. Террористтик ишти каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 253-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-253

---

1. Террордук ишти каржылоо, башкача айтканда каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти даярдоону уюштурууну же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландаштыруу, даярдоо же жасоого катышуу же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү максаттары үчүн алардын жашаган же жарандыгын алган мамлекети болуп саналбаган мамлекетке бара жаткан адамдардын сапарын каржылоо үчүн арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызмат көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды даярдаган же жасаган адамдарга таандык болгон каражаттарды же террордук уюмдун контролунда турган каражаттарды алуу жана сактоо же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүүлөр деп ушул беренеде таанылат.

2. Ушул беренеде колдонулуучу "каражаттар", "террорчу", "террордук уюм", "террордук иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-254)
