# 252-берене. Террордук акт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 252-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-252

---

1. Террордук акт жасайм деп коркутуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Террордук актыны, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдары же болбосо эл аралык уюмдар чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, жарылуучу, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;

4) стратегиялык объекттерге карата;

5) оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

6) уюшкан топ тарабынан;

7) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде –

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Террордук актыны даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик органдарына өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен террордук актыны болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-251)  
Кийинки берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-253)
