# 251-берене. Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 251-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-251

---

1. Мамлекеттик органдын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин кызмат адамы болуп саналбаган кызматчы тарабынан паралап сатып алууну жүзөгө ашыруучу адамдын кызыкчылыгында кызматчы тарабынан өзүнүн ээлеген кызматтык абалын пайдалануу менен жасоого тийиш болгон же жасай ала турган белгилүү аракеттерди аткаруу же аткарбоо үчүн олуттуу өлчөмдө акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан сый акы - олуттуу өлчөмдөгү, бир миң эсе ашкан сый акы - ири өлчөмдөгү, он миң эсе ашкан сый акы - өзгөчө ири өлчөмдөгү деп ушул беренеде таанылат.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-252)
