# 249-берене. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын кызматчылары ыйгарым укуктарынан аша чабуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 249-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-249

---

1. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын жетекчиси же кызматчылары өз ишинин милдеттерине карабастан өз ыйгарым укуктарынан аша чабуусу, эгерде бул жосун күч колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) курал колдонуу менен коштолсо;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-248)  
Кийинки берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-250)
