# 247-берене. Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=1283362..1283363>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 247-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-247

---

1. Ачык тооруктарды, аукционду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, ошого тете мүлктүн менчик ээсине, тоорукту же аукционду уюштуруучуга, сатып алуучуга же башка чарбакер субъектиге ири өлчөмдөгү зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-248)
