# 245-берене. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 245-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-245

---

1. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчылары өзүнүн тескөө же башка башкаруу укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыгына каршы жана пайда алуу же болбосо өзү, ошондой эле башка адамдар үчүн артыкчылыктарды алуу же болбосо башка жактарга зыян келтирүү максатында колдонуусу, эгерде бул жарандардын, уюмдардын же болбосо мамлекеттин укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ага тете оор залал алып келген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1200дөн 1500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, акциялар (үлүштөр) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон коммерциялык уюмда башкаруу функцияларын аткарган адам тарабынан жасалса, -

1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган жосун, оор залал алып келсе, ага тете:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү.

1. Ушул главанын беренелеринде коммерциялык же башка уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу деп менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болуп саналбаган коммерциялык эмес уюмда уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерди туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча аткарган адам табылат.

2. Эгерде ушул беренеде же болбосо ушул главанын башка беренелеринде каралган жосун, мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш куугунтуктоо ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде ушул беренеде, болбосо ушул главанын башка беренелеринде каралган жосун, башка уюмдардын кызыкчылыктарына, ошондой эле жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтирсе, кылмыш куугунтуктоо жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

4. Ушул беренеде каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма беш мин эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.

---

Мурунку берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-244)  
Кийинки берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-246)
