# 243-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.07.2024 [Закон КР от 3 июля 2024 года № 112 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам преступлений в сфере таможенного дела"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009806)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=24614..27519>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 243-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-243

---

1. Эгерде бул жосун салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу чечими же соттук актылар менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо кирешелер же чыгашалар жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп декларацияны киргизүү жолу менен же болбосо салык салынууга тийиш болгон башка объекттерди жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү жашыруу жолу менен бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же аны колдонбостон 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 242-243-беренелеринде салыктан качуу салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн материалдары менен тастыкталат жана алар боюнча салык кызматынын органдары кошумча салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөтүү жөнүндө чечим кабыл алышат, ал төмөнкү критерийлерге ылайык келет:

1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарында белгиленген даттануу берүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;

2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыккан салыктын эсептелбеген суммада чегинен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып үч айдын ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;

3) эгерде эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.

(КР 2024-жылдын 3-июлундагы № 112 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [242-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-242-1)  
Кийинки берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-244)
