# 239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркаларсыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=35681..40585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 239-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-239

---

1. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон, ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибин жана (же) эрежелерин бузуу -

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

7000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

- ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан продукциянын өлчөмү же эки жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркаларысыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз продукциянын саны таанылат;

- өзгөчө ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан продукциянын өлчөмү же беш жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз продукциянын саны таанылат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-240)
