# 238-берене. Акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=35681..40585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 238-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-238

---

1. Жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жана (же) эсептик-контролдоо маркаларын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу -

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

7000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

- ири өлчөм деп жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат;

- өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-237)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-239)
