# 231-берене. Экономикалык контрабанда

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 16.06.2022 [Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 231-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-231

---

1. Контрабанда, башкача айтканда бажы контролунан тышкары же андан жашыруу менен же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалган, же болбосо декларация кылбоо же анык эмес декларациялоо менен коштолгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын же башка буюмдарды кыйла өлчөмдө өткөрүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000дөн 1200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар, ири өлчөмдө жасалса, -

эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1200дөн 1500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

3) бажы контролун жүргүзүп жаткан адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

4) адамдардын тобу тарабынан;

5) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан (чек ара аралык) топ тарабынан же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар:

- эгерде өткөрүлгөн товарлардын, анын ичинде электрондук соода товарларынын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 5000ден 50000 эсептик көрсөткүчкө чейин түзсө-кыйла өлчөмдө;

- эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эседен ашса - ири өлчөмдө;

- эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эседен ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар деп таанылат.

Эгерде адам, товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын же башка предметтерди бажы контролунан тышкары өткөрүүнү кошпогондо, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат. Бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар, анын ичинде электрондук соода товарлары жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-230)  
Кийинки берене: [2311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2311)
