# 230-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 230-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-230

---

1. Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөнкүдөй жосундардын бирин атайылап жасоо:

1) инсайдер же анын аффилирленген адамы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдаланып, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жарыя кылуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүгүн мыйзамсыз берүү, ага тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жасалса, же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин адам билсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

5) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-229)  
Кийинки берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-231)
