# 229-берене. Спортсмендерди паралап сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 229-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-229

---

1. Спортсменди, спорт судьясын, машыктыруучуну, команданын жетекчисин же башка катышуучусун же болбосо кесиптик спорттук мелдештин уюштуруучусун, ага тете оюн-зооктук коммерциялык конкурстун уюштуруучусун же калыстар тобунун мүчөсүн мелдештин же конкурстун натыйжасына таасир тийгизүү максатында паралап сатып алуу, -

белгилүү бир кызматты ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.

2. Спорт судьясынын, машыктыруучунун, команданын жетекчисинин же спорт мелдешин уюштуруучусунун, ага тете оюн-зооктук коммерциялык конкурсту уюштуруучунун же калыстар тобунун мүчөсүнүн мелдештин же конкурстун натыйжаларына таасир тийгизүү үчүн мыйзамсыз акчаларды, материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу, -

белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-230)
