# 228-берене. Коммерциялык, банктык сырды, салык төлөөчүнүн сырын ачыкка чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 228-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-228

---

Кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган же ишенип берилген жактын коммерциялык, банктык сырды же салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын түзгөн маалыматтарды алардын ээсинин макулдугу болбостон мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу же пайдалануусу, эгерде бул жосундар пайданы көздөп жасалса же юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакка контролду орнотууга алып келсе, - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же аны колдонбостон жана эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2281. Атайын декларацияда камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу

1. Декларант жөнүндө маалыматтарды жана атайын декларацияда камтылган маалыматты декларанттын макулдугусуз ачыкка чыгаруу же болбосо пайдалануу -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пулга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-229)
