# 227-берене. Коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 227-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-227

---

1. Документтерди уурдоо; коммерциялык же банктык сырды билген адамдарга же алардын жакындарына карата коркутууларды же сатып алууну колдонуу; байланыш каражаттарынан маалыматты алып калуу; компьютердик тутумга же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен, аларга тете башка мыйзамсыз ыкма менен коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматтарды жыйноо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакты контролдоону орнотконго алып келген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-226)  
Кийинки берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-228)
