# 225-берене. Индивидуалдаштыруу каражаттарын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2024 года № 114 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010122)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=12413..12505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 225-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-225

---

1. Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -

1000ден 1500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, товарды тейлөө же келип чыккан жеринин белгисине карата алдын ала маркировкалоону мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -

мүлкүн конфискациялоо менен 3000ден 15000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) он төрт жашка чейинки курактагы балдар үчүн арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;

2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор зыян келтирүү менен;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен 15000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири зыян деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашкан суммадагы зыян таанылат. (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-226)
