# 221-берене. Финансы пирамидаларын уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 11.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 мая 2023 года № 99 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112577)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 221-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-221

---

1. Финансы пирамидасын түзүү, башкача айтканда, финансы пирамидасынын түзүмү боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен жарандардын тартылган ушул акча каражаттарынын, активдеринин жана мүлктөрүнүн эсебинен пайда алуу системасын түзүү, ошого тете финансы пирамидасын уюштуруу же жетектөө, эгерде бул ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

11. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолгон финансы пирамидасын ачык жарнамалоо, -

1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же болбосо тармактарды же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Ушул беренеде финансы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумдарын түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-майындагы № 99, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-222)
