# 22-берене. Жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусундагы, толук жана анын бөлүгүнүн атаандашуусундагы кылмыш-жаза-укуктук квалификациянын эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 22-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-22

---

1. Атайын укуктук ченем болуп жалпы ченем сыяктуу эле жосун үчүн окшош жоопкерчиликти караган, бирок кылмыш курамынын жалпы ченемде жок кошумча белгилерин камтыган ченем эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодекстин беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жосун жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусун түзсө, анда ушул Кодекстин атайын ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) гана колдонулат. Ушул Кодекстин жалпы жана тиешелүү атайын ченемдерди караган беренелерин (беренелеринин бөлүктөрүн) бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.

3. Ушул Кодекстин жасалган жосун камтыган ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) бүтүндөй алганда колдонууда ушул Кодекстин жасалган жосундун бөлүгүн камтыган ченемди камтыган беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) алдында артыкчылык кылат.

Ушундай артыкчылыкка аякталбаган кылмыш жөнүндө ченемге караганда аякталган кылмыш тууралуу ченем, андагы кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн кошо катышуусу жөнүндө ченемге караганда кылмышты аткаруу жөнүндө ченем, мындай кылмыштын курамын караган ченемге караганда курамдуу кылмыш (мыйзам менен эске алынган кылмыштар жыйындысы) жөнүндө ченем артыкчылыкка ээ болот.

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-211)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-23)
