# 2191-берене. Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112677)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=1283363..1283364>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-2191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 2191-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2191

---

1. Лицензиясыз кумар оюндарын уюштуруу, өткөрүү жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик контораларда, тотализаторлордо аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;

4) балдарды тартуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Оюн жабдуулары, оюндагы ставка жана утуш болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка киреше белгиленген тартипте алып коюлууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш. (КР 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-219)  
Кийинки берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-220)
