# 218-берене. Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 218-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-218

---

1. Ишкердик же банк ишин же болбосо банктык операцияларды каттоосуз, же атайын лицензиясы жана (же) уруксаты жок, мындай лицензия жана (же) уруксат милдеттүү болгон учурларда же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен жүзөгө ашыруу, эгерде бул жосун ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же 200дөн 300 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Эскертүү. Келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, адам ушул Кодекстин 218, 220, 223, 225, 227 жана 228-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-217)  
Кийинки берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-219)
