# 216-берене. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 216-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-216

---

1. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же олуттуу зыян келтирүү менен бузуу, ошого тете мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый же маданий эстеликти же жаратылыш объектисин жок кылуу же бузуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар өрттөө же жалпыга коркунучтуу ыкма менен жасалса же ири өлчөмдө зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар өзгөчө ири зыян келтирсе, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-217)
