# 215-берене. Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 215-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-215

---

1. Менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине газды, электр же болбосо жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору жок (эгерде аларды пайдалануусу милдеттүү болуп саналса) өзүм билемдик менен пайдалануунун же эсепке алуу приборлорун атайылап бузуунун кесепетинен, ошого тете уурдоонун белгилери болбогондо башкача алдоо же ишенимди кыянаттык пайдалануу жолу менен олуттуу мүлктүк зыян келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалса, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-214)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-216)
