# 214-берене. Өзүм билемдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 214-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-214

---

1. Өзүм билемдик, башкача айтканда белгиленген тартипке каршы, укукка ылайыктуулугу башка адам тарабынан талаш туудурган аракеттерди өз билгениндей жасаганда, эгерде мындай аракеттерден улам корголгон укуктарга жана кызыкчылыктарга олуттуу залал келтирилсе, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар, зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-215)
