# 213-берене. Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 213-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-213

---

1. Менчигинин түрүнө карабастан турак жайды жана (же) турак эмес жайларды, имараттарды же курулмаларды жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен өзү билип ээлеп же басып алуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) жайды, имаратты же курулманы бузуу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка каражаттарды колдонуу менен;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

4) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [2122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2122)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-214)
