# 212-берене. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 июля 2023 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112615)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 июля 2023 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112615); 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=1283360..1283361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 212-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-212

---

1. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алууну жана максаттуу багытын бузуу менен жерлерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүүнү уюштуруу же жетектөө -

он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-210)  
Кийинки берене: [2121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2121)
