# 211-берене. Кылмыштардын рецидиви

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 211-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-211

---

1. Эгерде адам атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо, ал соттуулугу бар адам тарабынан атайылап кылмыш жасоо кылмыштардын рецидиви деп таанылат.

2. Кылмыштардын рецидиви төмөнкүдөй учурда коркунучтуу деп таанылат:

1) адам атайылап кылмыш жасаган учурда эгерде ал атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга мурда үч жолу соттолгон болсо;

2) адам оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал оор кылмыш үчүн мурда эки жолу соттолгон болсо.

3. Кылмыштардын рецидиви төмөнкүдөй учурда өзгөчө коркунучтуу деп таанылат:

1) адам атайылап кылмыш жасаган учурда, эгерде бул адам оор кылмыштар үчүн үч же андан көп жолу эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо;

2) адам оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал мурда оор кылмыш үчүн үч жолу соттолгон болсо же өзгөчө оор кылмыш үчүн эки жолу соттолгон болсо;

3) адам өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал өзгөчө оор кылмыш үчүн мурда соттолгон болсо.

4. Кылмыштардын рецидивин таанууда төмөнкүлөр эске алынбайт:

1) атайылап жасалган анча оор эмес кылмыштар үчүн соттуулук;

2) он сегиз жашка чейинки курактагы адам тарабынан жасалган кылмыштар үчүн соттуулук;

3) эгерде пробация же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жокко чыгарылбаса жана адам жазаны өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберилбесе, ал боюнча пробациялык көзөмөл (пробация) колдонулган же болбосо өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу берилген кылмыштар үчүн соттуулук, ошондой эле ушул Кодекстин 95-беренесинде белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган соттуулук;

4) адамга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза дайындалган кылмыштар үчүн соттуулук.

5. Кылмыштардын рецидиви ушул Кодексте каралган негиздерде жана чектерде кыйла оор жазага алып келет.

Эскертүү. Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосун үчүн адамдын чет мамлекеттеги соттуулугу кылмыштардын рецидивин таанууда эске алынат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-21)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-22)
