# 208-берене. Опузалап талап кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 208-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-208

---

1. Жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3- бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-207)  
Кийинки берене: [209-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-209)
