# 204-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 204-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-204

---

1. Автордук укук, аралаш укуктар, лицензиялык программалык камсыздоо жана маалыматтык тутумдар объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатуу максатында лицензиялык программалык камсыздоону жана маалыматтык тутумдарды, чыгармалардын, фонограммалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу жана даярдоо, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдугу жок ойлоп табуунун маңызы, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында жасалган болсо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан тобу тарабынан, же өзгөчө ири зыян келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса, ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-205)
